Долондо жүк ташуучу унаа оодарылып, 2 адам ооруканага түштү

Долондо жүк ташуучу унаа оодарылып, 2 адам ооруканага түштү

Долон ашуусунда жүк ташуучу унаа оодарылып, 2 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-сентябрь күнү саат 10:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-чакырымында (Долон ашуусу) болгон. Анда “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жабыркаган алар жолдон өткөн унаалар аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>