Site icon Reporter.kg

«Дордой», «Аламүдүн», «Сары-Өзөн». Бишкектеги базарлар ижара акысын арзандатты

«Дордой», «Аламүдүн», «Сары-Өзөн», «Ак-Суу», «Оберон» базарлары жердин ижара акысын арзандатты. Бул тууралуу соода-сатык комплексттери билдирүү таратты.

«Дордой» контейнерлер коюлган жердин ижара акысын 30-50 пайызга төмөндөттү. Ишкерлердин айтымында, жер акысына 3 миңден 20 миңге чейин төлөнөт. Базар соодагерлердин шартын жакшыртып, автоунаа токтоочу жай курмакчы.

Ал эми «Оберон» соодагерлерге 20 пайыздык жеңилдик берерин маалымдайт.

Буга чейин «Алкан» базарынын жетекчиси Чыңгыз Алканов соода жайында ижара акысын эки эсеге арзандатарын билдирген.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев өлкөдөгү ири соода түйүндөрүнүн ээлери эң бай адамдар экенин айтып, аларды ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырган. УКМКнын төрагасы контейнерлердин ижарасы акысы кымбаттыгын белгилеп, аны арзандатууну дагы тапшырган. Анын айтымында, базарлардагы контейнерлерди кожоюндарынын арасында аткаминерлер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version