Site icon Reporter.kg

«Дордой» базарында адамдар эвакуацияланууда

Бишкектеги «Дордой» базарында бомба бар экени айтылып, адамдар эвакуцияланып жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, бүгүн, 21-июль күнү саат 09:55 чамасында 102 кызматына «Дордой» базарына караштуу «Алкан» базарынын ичине бомба коюлганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери  барып, базар чектөөгө алып, адамдарды эвакуациялашууда.

Учурда жеринде кинологдор иштеп жатышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version