Дордой базарында чыккан өрт толук өчө элек

Дордой базарында чыккан өрт толук өчө элек

Дордой базарында 6-март күнү кечинде чыккан өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо Свердлов районундагы Кожевенная көчөсүндө “Алтын-Тоо” базарынын аймагында жайгашкан текстиль дүкөнүнөн чыккан.

Ал эми дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө анын ичинен болжол менен 200 чарчы метр күйгөн.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 00:01де чектөөгө алынып, өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталып жатканы кабарландыэ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>