Site icon Reporter.kg

«Дордой» базарында иштегендер митингге чыгышты

«Дордой» базарында иштеген ондогон сатуучулар Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдына, Эски аянтка митингге чыгышты. Алар «Торугарт» чек ара бекетинин ачылышын талап кылышууда.

Митингчилердин атынан маалымат берген Диана Жайчыбекова жаңы сезонго карата сатуучуларда товар жок болуп жатканын, Кытайдан алдырылган товар чек арадан өтпөй турганын айтты. Митингчилер бийликтен чек араны ачтырууну талап кылып жатышат.

Кыргыз-кытай чек арасы февраль айынан бери жабык турат.

Буга чейин «Дордой» базарынын соодагерлери бир нече ирет чек араны ачууну өкмөттөн талап кылган. Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери чек аралардын баары жабылып, азыркы тапта Казакстан, Өзбекстан, Орусия менен байланыш жарым-жартылай гана ачылды.

Exit mobile version