Site icon Reporter.kg

Дордой базарынын сатуучулары митингге чыгышты

Дордойдун сатуучулары митингге чыгышты. Алар ушул тапта базардын айланасында турушат. Митингге чыккандар Мамлекеттик бажы кызматы эч кандай билдирүүсүз эле бажы алымдарын 1,5-2 эсеге кымбаттатып жибергенине наарызычылыгын билдирип, төмөндөтүп берүүсүн талап кылышууда.

Reporter.kg’нин Мамлекеттик бажы кызматынан маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. Кийинчерээк комментарий алып берүүгө аракет жасамакчы.

Exit mobile version