“Дордойдун” негизги дарбазачысы “Алгага” өттү

“Дордойдун” негизги дарбазачысы “Алгага” өттү

“Алга” футбол клубу дарбазачы Эржан Токотаев менен келишим түзгөндүгүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, футболчу менен клуб 1 жылдык келишим түзүшкөн.

Белгилей кетсек, 21 жаштагы Эржан Токотаев буга чейин “Дордойдун” дарбазасын коргоп келген. Ал өткөн жылы “Дордой” клубунун негизги дарбазачысы катары оюн талаасына чыгып келген. Жыйынтыкталган футболдук сезондо Кыргыз Премьер – лигасындагы мыкты дарбазачылардын бири деп табылган болчу.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>