Site icon Reporter.kg

«Дос Кредо» банкынын филиалынан өрт чыкты

Бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Дос Кредо” банктын кеңсесинен өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:27де чектөөгө алып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлдү.

Жалпысынан имараттын ичидеги  2  чарчы метр жана бир пластик терезе күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Exit mobile version