Site icon Reporter.kg

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен Бекмурзаев убактылуу кызматтан четтетилип, министрдин милдетин аткаруу анын орун басары Таалайбек Ибраевге  жүктөлгөн.

Башкы прокуратура буга чейин министрге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version