ДССУ: COVID-19 пандемиясы жөнүндө жалган маалымат таратуу адам өмүрүнө кооптуу

ДССУ: COVID-19 пандемиясы жөнүндө жалган маалымат таратуу адам өмүрүнө кооптуу

COVID-19 пандемиясы жөнүндө жалган маалыматтарды таратуу кооптуу, анткени адамдар үй шартында  дарыланып, өзүнө зыян келтириши мүмкүн. Мындай билдирүүнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебресиес айтканын чет элдик «Интерфакс» басылмасы жазды.

«Коронавирус бүткүл дүйнөгө жайыла баштаганда, имиштер, жалган маалыматтар дароо пайда болду. Такталбаган маалымат стигманы күчөтүп, муктаж болгондорго жардам берүүдө тоскоолдук болуп жатат», — деп баса белгиледи ал.

Мындан тышкары, ДССУнун башкы директору инфекция жөнүндө ар кандай ушактарды жайылтпоого үндөдү: бул медициналык кызматкерлерге, жеке адамдарга же адамдардын аялуу катмарына терс таасир алып келерин эскертти. Гебреиус ​​ошондой эле адамдар өзүн-өзү дарылабоого жана сактык чараларын колдонбоого үндөдү.

Коронавирустун жаңы пайда кылган COVID-19 пневмониясынын очогу биринчи жолу 2019-жылы декабрь айында Ухан шаарында катталган. 11-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) пандемия жарыялаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>