ДССУ COVID-19ду дарылоодо дексаметазонду колдонууну илимий секирик деп атады

ДССУ COVID-19ду дарылоодо дексаметазонду колдонууну илимий секирик деп атады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жуктурган бейтаптарды дарылоодо дексаметазонду колдонууну сунуштаган британ окумуштууларынын иликтөөлөрүн илимий секирик катары сыпаттады.

Сезгенүүгө каршы препарат өлүмдү азайтууга көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу ДССУнун маалымат кызматы билдирди.

«Бул ­­­­кычкылтекке же өпкөнү жасалма дем алдырууга муктаж болгон бейтаптардын арасында өлүм-житимди азайта турган алгачкы препарат. Бул мыкты жаңылык. Мен адам өмүрүн куткарууда илимий секирик жасоого салымын кошкон Улуу Британия өкмөтүн, Оксфорд университетин жана Улуу Британиядагы көптөгөн дарыгерлерди жана бейтаптарды куттуктайм», – деп айтылат ДССУнун башчысы Тедрос Аданом Гебреисустун билдирүүсүндө.

Иликтөө Оксфорд университетинде жүргүзүлгөн. Дексаметазонду клиникалык жактан сыноого 6 миң киши катышкан. Иликтөөгө караганда, жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан бейтаптарды дексаметазон менен дарылаган учурда өлүм тобокелчилиги 35%га азайган.

Иликтөөчүлөр эгер дексаметазон оор бейтаптар үчүн пандемия башталганда эле колдонулса, Улуу Британияда эле беш миң киши аман калмак деген бүтүм чыгарышты.

Дарынын артыкчылыктарынын бири анын арзандыгында. Англияда препараттын бир кутусу 5 фунт стерлинг турат. Дексаметазон 1960-жылдан бери эле көптөгөн ооруларды, анын ичинде рактын айрым түрлөрүн дарылоодо колдонулуп келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>