Site icon Reporter.kg

ДССУ: дүйнөдө акыркы суткада коронавирус 3 млндон ашык жарандан аныкталды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө бир күндө коронавирусту жуктурган адамдардын эң көп санын билдирди. Уюмдун айтымында, акыркы 24 саатта 3,4 миллионго жакын учур аныкталган.

Бул пандемиянын бардык мезгилиндеги эң жогорку күнүмдүк көрсөткүч. Маалыматты шаршемби күнү кечинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялады. Биринчи жолу 24 сааттын ичинде аныкталган COVID-19 учурларынын саны 3 миллиондон ашты.

12-январга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 23.04кө карата ДССУга вирус жуккандардын саны суткасына 3 миллион 395 миң 785ке, каза болгондор 7 миң 735ке көбөйгөнүн кабарлады.

Буга чейинки антирекорд 6-январда катталган, анда 24 сааттын ичинде ДССУга 2 миллион 618 миң 130 инфекция жуккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ДССУнун статистикасы мамлекеттер тарабынан берилген инфекция жуккан жана каза болгондор тууралуу расмий тастыкталган маалыматтарды гана эскепке алат.

ДССУга билдирилген инфекциянын тастыкталган учурларынын көбү Кошмо Штаттарда. Андан кийин Индия, Бразилия, Улуу Британия жана Франция турат.

Exit mobile version