ДССУ: коронавирус дүйнөгө тездик менен жайылып жатат

ДССУ: коронавирус дүйнөгө тездик менен жайылып жатат

Коронавирус дүйнөгө тездик менен жайылып жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус айтып чыкты.

Тедрос Адханом Гебрейесус кечээ, 29-июнда өткөн маалымат жыйынында көптөгөн мамлекеттер вирус менен күрөшүүдө ийгиликтерге жетишкенине карабастан, пандемия глобалдык масштабда тездик менен жайылып жатканын билдирди.

“Биз баарыбыз бул оорунун аякташын каалайбыз. Баарыбыз жашоону улантууну каалайбыз, бирок бул ооруну аягына чыгарууга да жакындай элегибиз ачуу чындык”, — деди Адханом.

Жонс Хопкинс университетинин статистикасы көрсөткөндөй, дүйнө жүзүндө  коронавируска чалдыккан адамдардын саны 10,1 миллиондон ашып,  502 000 адам илдеттен көз жумду.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>