ДССУ коронавирус илдети качан бүтөрүн айтты

ДССУ коронавирус илдети качан бүтөрүн айтты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Европадагы бөлүмүнүн башчысы Ханс Клюге Welt агенттигине берген маегинде, COVID-19 илдети 2022-жылы бүтөрүн айтты.

«Менин оюмча, 2021-жыл COVID-19дун жылы болот. Бирок, алдын-ала эмне болору болжолдонгон жана көзөмөлдөнгөн жыл. 2020-жыл илимий жана саясий жактан күттүүсүз болду. Бул жылы көп нерсени өздөштүрүп, билип калдык. Бул жылы каражаттар, диагностикалык программалар жана вакциналар бар», — деген ал.

Клюге жумушунда алдын ала пландаштыруу маанилүү экендигин айтып, пандемия кийинки жылдын башында токтойт деп баса белгилеген.

«Бул вирус жок болуп кетет дегенди билдирбейт. Ошентсе да, ага чейин биз аралашпай калабыз деп үмүттөнөм», — деп кошумчалаган.

Ошол эле учурда, Клюге, калктын айрым бөлүгү вакцина алып, калганы эмдөөдөн өтпөй калбашы керектигин кошумчалаган.

Анын пикири боюнча, өлкөлөр коронавирустан улам кирген чектөөлөрдү тез алып салса анда абал кайрадан курчуп кетүүсү мүмкүн.

ДССУ өткөн жылы 11-мартта дүйнө жүзү боюнча COVID-19ду илдетин пандемия деп жарыялаган. Мындан улам, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө катуу карантиндик чаралар көрүлүп, чек аралар жабылып, аба, унаа жана темир жол каттамдары токтотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>