«Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө Кыргызстан үчүн 2 кабаттуу павильон курулууда

«Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө Кыргызстан үчүн 2 кабаттуу павильон курулууда

 «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө Кыргызстан өзүн жаңы өзгөрүүлөргө ачык өлкө катары көрсөтөт. Бул тууралу Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында EXPOнун Эл аралык катышуучулар Департаментинин башчысы Андре Доурадо менен болгон жолугушууда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жумуш сапарынын алкагында 4,38 гектер жерди ээлеген ЭКСПО-2020 аянтында болуп, анда Кыргызcтан үчүн курулуп жаткан павильонду көрдү.

Белгилей кетсек, «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөнүн уюштуруучулары Кыргызстанды 2 кабаттуу павильон менен камсыз кылууда. 200 чарчы метрди ээлеген биринчи кабатындагы аянтчада көргөзмө стендтер жайгашса, экинчи кабаты эки тараптуу жолугуушуларды өткөрчү кеңсе катары курулган.

Маалымдама:

«Дубай ЭКСПО-2020» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү Дубай шаарында 2020-жылдын 20-октябрынан 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт жана Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Азия аймагындагы араб өлкөсүндө биринчи жолу өтө турган бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болот. Көргөзмөнүн аймагы 25 миллион кишинин келүүсүнө ылайыкталды – алардын 70% чет элдиктер болот. Бул ЭКСПОнун тарыхында катышууга чет элдиктердин көп чакырылганы биринчи жолу болууда. Иш-чарага 180 өлкөнүн катышаары күтүлүүдө.

Көргөзмөдө илимий-техникалык өнүгүү (инновация), экономикалык жана укуктук өзгөрүүлөр (экономикалык интеграция), адам ресурстарын өнүктүрүү жана социалдык өнүгүү (өз ара түшүнүү) сындуу түрдүү багыттар көрсөтүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>