Дубай полициясы Бишкекке акылдуу полиция долбоорун түзүүгө убада берди

Дубай полициясы Бишкекке акылдуу полиция долбоорун түзүүгө убада берди

14-16-июль күндөрү Бишкек ШИИББ жетекчиси Канат Жумагазиев жана ИИМдин Академиясынын жетекчиси Адылбек Бийбосунов жетектеген делегация  Дубай шаардык полицияШтаб-квартирасында иш-сапарда болду.

Иш сапрдын жүрүшүндө делегациялык топ Дубайдын полициясынын башчысы, генерал-майор Абдулла Халифа Аль-Марри жана полиция жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда эки тарап санариптик технологиялар, түз байланыштарды орнотуу жана ыкчам маалымат алмашуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында бир катар маселелрди талкуулашты.

Дубай полициясы реформаларды колдоо максатында техникалык жардам  жана программалык камсыздоо берүү менен   Бишкек шаарында акылдуу полиция участогун (Smart Police Station долбоору) түзүүгө макулдук берди.

Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Дубайдын полиция жетекчилиги биргелешкен жумушчу тобун түзүүгө, криминология, жол коопсуздугу жаатында жана IT чөйрөсүндө  квалификацияны жогорулатуу курсун өтүү үчүн ИИМнин кызматкерлерин жана адистерин чакырууга даярдыгын билдирди.

Мындан сырткары ИИМнин курсанттары үчүн Дубайдын полициясынын академиясында акысыз окуу укугу менен атайын квота берүү  жөнүндө келишим түзүлдү.

Жетишилген макулдашууларды бекемдөө үчүн  Кыргызстандын ИИМи менен Дубайдын полициясынын ортосунда кызматташуу жана коопсуздук боюнча меморандумга кол коюлду.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>