Дубайдан 178 кыргызстандык мекенине келди

Дубайдан 178 кыргызстандык мекенине келди

26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны өлкөгө келди. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Айбек Маматбеков үйүнө кайтууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 3-10-майда Дубай-Бишкек чартердик каттамы менен дагы эки рейс уюштуруларын билдирген. Баш-аягы Кыргызстанга дагы 280ге жакын киши келет деп божомолдонууда.

Башкы консулдун маалыматына караганда, Бириккен Араб Эмираттарында 3500ге чукул кыргызстандык бар (консулдук расмий каттоодо 2495 киши турганын билдирди).

Кыргыз өкмөтү 21-апрелде аталган өлкөдө Кыргызстанга кетүүгө билет алып авиакаттамды күтүп жаткандарга жатакана жана тамак-аштан жардам берүү үчүн 5 млн. сом бөлгөн.

27-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 695ке жетти, алардын сегизи каза болду, 395 бейтап айыгып чыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>