Дубайдагы суу каптоодо жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Башкы консулдук кыргыз жарандары менен байланышта экени кабарланат.
«Жабыркагандар жок. Мекендештер бири-бирин жоктоп, кабарлашып турат. Бүгүн шаар боюнча эс алуу. Кечээ эле мектептер, бала бакчалар иштеген эмес. Унаасы чөгүп кеткендерге компенсация төлөнүп берилери айтылды», — деди Reporter.kg’ге кыргызстандык мигранттар.
Белгилей кетсек, 16-апрель күнү Дубайда катуу жаан жаап, көчөлөрдү, имараттарды суу каптады. Аэропорт дагы суу астында калып, каттамдар токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз