Душанбе-Москва аба каттамдарынын жадыбалы жана билет баалары белгилүү болду

Душанбе-Москва аба каттамдарынын жадыбалы жана билет баалары белгилүү болду

Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги Душанбе-Москва-Душанбе багыты боюнча аткарыла турган каттамдардын жадыбалын жана билет бааларын жарыялады.

Мекеме башчысы Азиз Набизоданын айтымында, аталган багыт боюнча «Сомон Эйр» авиакомпаниясы ар шейшемби, Орусиянын «Ютэйр» компаниясы ар жума сайын бир жолудан каттамдарды аткарышат.

Ал мекеме авиакомпанияларга кайрылып, билет баасын эки багытка 450-500 доллардан ашырбай кармап турууга чакырганын, каттамдар аткарыла баштагандан кийин баалар көзөмөлгө алынарын кошумчалады.

Буга чейин тажик мигранттары Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы авиабилеттердин баалары өтө жогору экенин сынга алып, айрымдары кыргыз жана өзбек авиакомпаниялардын кызматтарын колдонууга өтүшкөн.

Орусия 1-апрелден баштап бир катар өлкөлөр, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын жандандыра турганын билдирген.

Орусия коронавирус пандемиясынан улам былтыр 27-мартта башка өлкөлөр менен туруктуу жана чартердик аба каттамдарын токтоткон. Жүк ташуу жана санитардык учууларга чектөө киргизилген эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>