Site icon Reporter.kg

Душанбеде 18 киши ход-догго ууланып, ооруканага кайрылышты

Душанбеде тез тамактануу жайында хот-дог жеген 18 киши уулануу белгилери менен 28-июль күнү инфекциялык ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда жергиликтүү бийликтин чечими менен соода түйүнү жабылды. Териштирүү башталды.

Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын өкүлү Мухиддин Гулаевдин айтымында, алар ход-дог жегенден бир күн өткөн соң өздөрүн жаман сезип, дарыгерлерге кайрылышкан.

Учурда 14 киши ооруканада, төртөө үйлөрүнө кайтты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кишилер колго даярдалган майонезден ууланган болушу мүмкүн. Бирок тез тамактануу жайынын ээси бул божомолду четке кагып, майонезди дүкөндөн сатып алышарын билдирди.

Душанбеде ход-дог эң арзан фаст-фуддардын бири болуп эсептелет.

Exit mobile version