Site icon Reporter.kg

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча кеңешме өттү

Дүйшөмбү шаарында 14-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен  отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, делегациялардын отуруму УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында өткөн.

Отурумдун жыйынтыгы менен тиешелүү протоколго кол коюлган. Тараптар кийинки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашкан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өткөнүн белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version