Бүгүн, 14-мартта Тажикстандын борбору Душанбе шаарынан учуп келген жүргүнчү учагы «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Учуп келген учак Somon Air авиакомпаниясына таандык.
Белгилей кетсек, кечээ, 13-мартта Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү кыргыз-тажик аба каттамдарын жандантуу боюнча келишимге кол коюшкан.