Site icon Reporter.kg

Дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулушат

Дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жеңилдик буга чейин 3 жылга киргизилген, эми бул мөөнөт дагы 5 жылга узартылууда.

Кубанычбек Ысабеков бул дыйкан-фермерлерди колдоо максатында киргизилип жатканын белгиледи.

«2030-жылга чейин айыл чарбадагы көйгөйлөр чечилип, биздин дыйкандар бутуна туруп, туруктуу кирешелерди алып баштагандан кийин анан жер салыгын карайбыз, ошондо төлөшөт»,- деди ал.

Exit mobile version