Site icon Reporter.kg

Дыйкан, фермерлерге 6% менен насыя берилүүдө

Кыргызстанда дыйкан, фермерлер 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан насыя ала башташты. Айыл чарба министрлигинен маалым болгондой, ал үчүн быйыл 26 миллиард сом бөлүндү.

Бугүнкү күндө «Айыл Банк», «РСК Банк» жана «Керемет Банк» аркылуу 47 адамга 29 миллион сом насыя берилди.

Белгилеп кетсек, мурда кредиттер мал чарбачылыгына 10, дыйканчылыкка 8 пайыз менен берилип келген.

Exit mobile version