Site icon Reporter.kg

Дыйкан-фермерлерге дизель жеңилдетилген баада берилет

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкан-фермерлерге 10 миң тоннага чейин дизель майын жеңилдетилген баада — 65 сомго берет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматында, учурда дыйкан-фермерлерди күйүүчү майлар менен камсыздоодо көйгөй жок.

Ошондой эле, быйыл мурда пайланылбаган 3,3 миң гектар айдоо жер иштетилет.  2025-жылы жалпы себүү аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөт. Ал эми пайдаланылбаган жер 35,7 миң гектарды түзөт.

 

Exit mobile version