Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы 1/8 финалда жеңилди — видео

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) биринчи кармашында атаандашына жеңилип калды.

Ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде кытайлык балбан кыз Жуан Ваң менен кез келди. Кармаш 1:7 эсебинде аяктады.

Эскертке кетсек, кытайлык спортчу финалга чыкса, Айпери Медет кызы көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Ал беттешти жеңген спортчу коло байге үчүн күрөшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version