Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионаты: Акматалиев жарым финалда — видео

Эрназар Акматалиев

Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) жарым финалга өттү.

Ал килем үстүнө бүгүн, 15-сентябрда чыгып, жарышты 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттешинде молдовалык балбанды 14:2 эсебинде жеңди. Андан кийин чейрек финалда болгариялык спортчуну 11:0 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча дүйнө биринчилиги 10-сентябрда башталган, 18-сентябрда аяктайт. Бүгүн эркин күрөш боюнча балбандар таймашын баштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version