Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов жарым финалга чыкты (видео)

72kg GR - Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты.

Ал 21-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Махмудов биринчи беттешинде Норвегиянын балбанын, 1/8 финалда Египеттин спортчусун мөөнөтүнөн мурда жеңген.

Чейрек финалдык беттеште азыркы дүйнөнүн чемпиону өзбекстандык Арам Варданян менен беттешип, упай менен жеңишке жетип, жарым финалга өттү.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат. Махмудовдун атаандашы япониялык Нао Кусака болмокчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version