Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Айпери Медет кызы таймашка чыгат

Бүгүн, 13-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) таймашка чыгат.

Ал жарышты 1/8 финалдан баштайт. Анын килем үстүндөгү биринчи атаандашы азырынча белгилүү боло элек. Айпери Медет кызына каршылаш болчу балбан Жуан Ваң (Кытай) менен Камила Гаукайтенин (Литва) беттешинде аныкталат.

Эскерте кетсек, бүгүн грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын үчүн, ошондой эле кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (60 кг) коло үчун күрөшөт. Финал саат 22:00дө башталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version