Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык хоккейчилер Сингапурду утту

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионундагы (В тайпасы) биринчи оюнунда Сингапурду утуп чыкты. 27-февралда өткөн беттеште кыргызстандык хоккейчилер атаандаштарын 14:2 эсебинде жеңген. Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Сингапур, ошондой эле, Босния жана Герцеговина катышууда. Ар бир команда бири-бири менен айлампа түрүндө ойнойт. … Читать далее Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык хоккейчилер Сингапурду утту