Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионаты: Махмудов беттешти жеңиш менен баштады (видео)

77kg GR - Akzhol MAKHMUDOV (KGZ) df. Jeyhun OVEZDURDYYEV (TKM)

Грек-рим күрөшү балбан Акжол Махмудов (77 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.

Махумдов таймашты 1/16 финалдан баштап, алгачкы кармашында норвегиялык балбан Пер Куре менен кез келди. Алгач Махмудовдун атаандашы 0:3 эсебинде алдыда келе жаткан. Бирок Махмудов норвегиялык спортчунун далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда таза жеңишке жетти.

Эми Махмудов 1/8 финалда египеттик Мохамед Захаб Халил менен күрөшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version