Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионаты: Жуманазарова 1/8 финалда жеңилди — видео

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы биринчи беттешинде жеңилүү ызасын тартты.

Жуманазарова килем үстүнө бүгүн, 14-сентябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Анда ал канадалык балбан менен күч сынашып, атаандашына 5:6 эсебинде утулду.

Белгилей кетсек, Жуманазарованы уткан балбан кыз финалга өтсө, ал көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Аталган беттеште жеңген спортчу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version