Албанияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык эки спортчу алтын жана коло байге үчүн күрөшөт.
67 кг салмакта Раззак Бейшекеев алтын үчүн грузиялык Диего Чхиквадзе менен күч сынашат.
Ал эми 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков коло үчүн күрөшөт. Анын атаандашы азырынча белгилүү боло элек.
Ошондой эле 97 кг салмакта Нурманбет Раймалы уулу көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Эгер аны утса, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алат.