Дүйнө чемпионаты: Жуманазарова биринчи атаандашын 10:0 эсебинде утту (видео)

Бүгүн, 20-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында балбан кыз Мээрим Жуманазарова биринчи атаандашын жеңип, 1/8 финалга чыкты. Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, перулук Янет Соверо менен күрөштү. Бул беттеште Жуманазарова атаандашын 10:0 эсебинде жеңип алды. Эми ал 1/8 финалда украиналык Татьяна Рыжко менен күрөшөт. Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Тыныбекова менен Жуманазарова күрөшөт Биздин Телеграм каналга катталыңыз