Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионатын жеңген хоккейчилер мекенине келди — сүрөт

Хоккей боюнча үчүнчү дивизиондогу командалар (В тайпасы) арасындагы дүйнө чемпионатын уткан Кыргызстандын курамасы бүгүн, 7- мартта мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, «Манас» эл аралык аэропортунда кыргызстандык хоккейчилерди салтанаттуу түрдө тосуп алуу аземи өткөн.

«Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Михаил Чеканов жетектеген спортчуларды маданият министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, хоккейчилердин жакындары жана спорт күйөрмандары «Аксаамай» фольклордук ансамблинин музыкалык коштоосунда тосуп алышты. Канат Шабданбаев хоккейчилерди жеңиши менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун саламын жолдоду», — деп билдирет министрлик..

Эскерте кетсек, аталган мелдеш 27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Сингапур, Босния жана Герцеговина катышкан. Командалар бири-бири менен айлампа түрүндө ойногон.

Кыргызстандын курамасы биринчи оюнунда Сингапурду 14:2, андан кийин Босния жана Герцеговинаны 10:1, үчүнчү оюнунда Малайзияны 22:0 эсебинде жеңген. Ал эми, төртүнчү оюнда кыргызстандыктар Ирандын хоккейчилерин 18:0 эсебинду утуп алган.

Соңку беттеште Гонконг менен ойноп, аларды 12:2 эсебинде жеңишкен.

Кыргызстан В тайпасында бардык оюндарды жеңип, биринчи орун алгандыктан, үчүнчү дивизиондун А тайпасында ойноого мүмкүнчүлүк алган.

Кыргызстандын хоккейчилери дүйнө чемпионатын жеңди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version