Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионатына тандоо: Бүгүн Кыргызстан менен Ирандын беттеши болот

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол курамасы Иран менен ойнойт. Бул беттеш дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтөт.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00до башталат. Кыргызстандын курамасы кызыл, атаандаштары ак кийимчен ойношот.

Кыргызстандын курамасы тандоо оюндарында буга чейин 5 беттеш өткөрүп, төртөөсүндө жеңилип, бирөөндө уткан.

Беш оюндун жыйынтыгы менен «ак шумкарлар» 3 упайы менен өз тайпасында бешинчи орунду ээлөөдө. Биринчи орунда Иран (13 упай), Өзбекстан экинчи (10 упай), андан кийин Бириккен Араб Эмираттары (7 упай), Катар төртүнчү (7 упай) жана Түндүк Корея (2 упай) акыркы орунда турат.

Белгилей кетсек, үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын 4-баскычына өтүп, дүйнө биринчилигине чыгуу үчүн жарышты улантат. Соңку эки орундагы курама жарыштан четтейт.

Эртең Бишкекте футбол боло тургандыктан, эки көчө жабылат

Exit mobile version