Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионатына тандоо: Машыгууларга 29 оюнчу чакырылды (тизме)

Кыргыз футбол биримдиги дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында ноябрда өтө турган эки беттешке даярдык көрүү үчүн машыгууларга чакырылган спортчулардын тизмесин жарыялады.

Машыгууларга жалпы 29 оюнчу чакырылып, кеңейтилген тизмеге кирген. Алар алдыдагы оюндарга даярдык көрүү үчүн 6-нобрдан тартып Катардын Доха шаарында машыгууларын баштайт. Команда 12-ноябрда Абу-Дабиге барат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан 14-ноябрда Бириккен Араб Эмираттары менен конокто, 19-ноябрда Иран менен Бишкекте ойнойт.

Кеңейтилген тизме:

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев;

Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Християн Браузман, Александр Мищенко, Кайрат Жыргалбек уулу, Улан Сулайманов, Бактай Таалайбек уулу, Аскарбек Салиев, Саид Дациев, Арслан Бекбердинов, Бектур Амангелдиев;

Жарым коргоочулар: Муролимжон Ахмедов, Эрбол Атабаев, Нурлан Сарыкбаев, Элхан Будинов, Адил Кадыржанов, Нурсултан Токтоналиев, Гүлжигит Алыкулов, Одилжон Абдурахманов, Элдияр Зарыпбеков, Бекназ Алмазбеков, Кай Мерк, Эрмек Кенжебаев, Кими Мерк, Алимардон Шүкүров;

Чабуулчулар: Жоел Кожо.

Эскерте кетсек, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында 4 оюн өткөрдү. Буга чейинки беттештеринде Кыргызстан Иранга 1:0, Өзбекстанга 2:3 жана Катарга 1:3 эсебинде жеңилип, төртүнчүсүндө Түндүк Кореяны 1:0 менен уткан.

Төрт оюндун жыйынтыгы менен «ак шумкарлар» 3 упайы менен өз тайпасында бешинчи орунду ээлөөдө. Биринчи орунда Иран (10 упай), Өзбекстан экинчи (10 упай), андан кийин Бириккен Араб Эмираттары (4 упай), Катар төртүнчү (4 упай) жана Түндүк Корея (2 упай) акыркы орунда турат.

Үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына өтөт. Соңку эки орундагы курама жарыштан четтейт.

Exit mobile version