Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионатында байге уткан жаш балбан менен мушкерлер 600 миң сомго чейин сыйлык алды

Жаштар жана жаш уландар арасында дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды алган балбандар менен мушкерлерге, алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө биринчилигинде алтын уткан Раззак Бейшекеевге 600 миң сом, коло тагынган Асан Жанышовго 200 миң (грек-рим күрөшү), күмүш тагынган Орозобек Токтомамбетов менен Абдымалик Карачовго 400 миң сомдон, коло уткан Билол Шарип уулуна 200 миң сом (эркин күрөш), бокс боюнча жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында коло уткан мушкерлер Тыныстан Алыбаев менен Амантур Жумаевге 200 миң сомдон акчалай сыйлык берилген.

Ошондой эле спортчулардын машыктыруучулары 100 миңден 150 миң сомго чейин акчалай сыйлык алган.

Exit mobile version