Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпиондугу: Тыныбекова жапон балбанынан утулуп калды

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.  Жарым финалда Тыныбекова япониялык балбан кызга 5:11 эсебинде жеңилип калды.

Ал жарышка бүгүн, 12-сентябрда чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштады. Биринчи кармашында болгариялык балбан Биляна Дудова менен чыгып, аны 3:2 эсебинде жеңди. Андан кийинки беттешинде германиялык спортчудан күчтүү чыкты. Кармаш 4:0 эсебинде аяктаган.

Буга чейин кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков финалга чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version