Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпиондугу: Амантур Исмаилов коло байгеге жетти

Амантур Исмаилов (67 кг) дүйнө чемпионатынын коло байгесин утуп алды.  Үчүнчү орун үчүн беттеште ал грузиялык балбанды 17:8 эсебинде жеңди.

Ал 11-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Исмаилов 1/16 финалда венгриялык балбанды жеңип, 1/8 финалда ирандык балбанга утулуп калган.

Финалга Ирандын спортчусу чыгып, Амантуров коло үчүн мелдешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Көңүл жубатуучу беттеште кыргызстандыктын атаандашы алган жаракатынан улам беттешке чыкпай, Исмаилов финалдык 3-орун үчүн күрөшүү укугуна ээ болгон.

Коло үчүн болгон күрөштө Исмаилов грузиялык балбанга алгач утулуп жатып, бирок кайра 17:8 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетише алды.

Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги экинчи медаль болду. Буга чейин Акжол Махмудов алтын тагынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version