Site icon Reporter.kg

Дүйнө салган белгилүү диктор Бактыбек Мамытовдун акыркы маеги

Кыргызстандын эл артисти, белгилүү диктор Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында дүйнө салды. Кабарды кесиптештери тастыкташты.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде билим алган.

Бактыбек Мамытов көп жыл КТРКда «Арноо концертин» алып барган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы, 2006-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Диктор акыркы жолу 2021-жылы жубайы Жамийла Омокеева менен бирге SUPER TV каналына үй-бүлө, турмуш, эки адамдын ортосундагы мамиле тууралуу маек курган.

Exit mobile version