Site icon Reporter.kg

Дүйнөдө дагы бир миллиардер пайда болду

Түштүк Кореялык Ли Сангдын кирешеси 1 млрд. 200 млн. долларга жетип, алдыңкы байлардын катарын кошулду. Бул боюнча Forbes журналы жазып чыкты.

60 жаштагы Ли химиялык элементтерди чыгарган Chunbo компаниясын түптөгөн. Компания дүйнөгө аккумулятор, дисплей жана дары-дармектерге керектүү химиялык каражаттарды чыгарат. Бул ишкананын кардарлары дүйнөдө алдыңкы Contemporary Amperex Technology и Samsung SDI компаниялары.

Аталган компания соңку жылдары тездик менен байыган компаниялардын катарына кошулуп калды.

Exit mobile version