Site icon Reporter.kg

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 101,5 млн доллар колдоо көрсөтөт

Бүгүн, 8-майда Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда расмий сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Жолугушууда эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы бюджеттик колдоо программасын ишке ашырууга байланыштуу маселелер каралды.

Тараптар жалпы суммасы 101,5 миллион доллар болгон колдоо каражатын тартуу боюнча макулдашууга жетишүүдө. Анын ичинен 100 миллион доллар «Өнүгүү саясатын колдоо операциясы» (DPO) аркылуу бөлүнөт.

Бул каражаттар:

— макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоого,
— мамлекеттик башкарууну жакшыртууга,

— жеке секторду өнүктүрүүгө,

— социалдык инклюзияны күчөтүүгө багытталат.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандагы реформаларга жогору баа берип, мындан аркы кызматташтыкка даяр экендиктерин билдиришти.

 

 

Exit mobile version