Site icon Reporter.kg

Дүйнөлүк чемпион балбан кыздар Кыргызстанда машыгууда – видео

Кыргызстанда дүйнөлүк чемпиондор катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча окуу-машыгуу жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу эркин боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова билдирди.

Анын айтымында, чемпиондор жаш спортчулар менен тажрыйба бөлүшүүдө.

“Ушул күндөрү өлкөбүздө кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу 10дон ашык өлкөнүн олимпиада, дүйнө, Европа чемпиондору жана жеңүүчүлөрү катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча окуу-машыгуу жыйыны өтүүдө. Мен бул иш чарага абдан кубанычтамын! Меймандарга биздин өлкө жагат деп ойлойм. Келечекте алар Кыргызстанга кайра келишет деген ишеничтемин.

Биздин жаш спортчулар окуу-машыгуу учурунда чет өлкөдөн келген чемпиондор менен машыгууларды өткөрүп, алардын техникасын өздөштүрүп, жаңы билимге жана тажрыйбага ээ болушууда. Бул Кыргызстанда кыз-келиндер күрөшүн мындан ары өнүктүрүүгө жакшы колдоо болмокчу.

Бул окуу-машыгуу жыйыны биздин команданын өзүнүн машыгуу залы болгондугу үчүн ишке ашууда. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген өлкөбүздүн Президентине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!”, — деп бөлуштү Айсулуу Тыныбекова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version