Site icon Reporter.kg

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууга ылайык, 10-марттан 16-мартка чейин Душанбе шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын  өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өттү.

Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version