Site icon Reporter.kg

Дзюдо: Бүгүн Кыргызстандын атынан Айбек уулу жана Бестаев күрөшөт

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында Азия жана Океания чемпионатына старт алат.

Алгачкы мелдеш күнүндө мырзалар арасында 60 жана 66 килограмм салмактагы балбандар күрөшөт. Кыргызстандын атынан 60 салмакта Кубанычбек Айбек уулу жана 66 салмакта Отар Бестаев күрөшөт.

Ал эми кыз-келиндер арасында 48, 52 жана 52 килограмм салмактагылар күрөшөт. 48 салмакта Айсулуу Мусакунова жана Жанар Жолдошева килемге чыгат. 52 салмакта Сауле Алмазова, 57 салмакта Адина Кочконбаева менен Ксения Бельдягина өлкө атынан күрөшөт.

Мелдештер саат 10:00дө башталып, финалдык кармаштар 17:00дө өтөт.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 30 өлкөдөн келген 215 балбан 15 комплект медаль үчүн күрөшөт.

Exit mobile version