Бишкекте 28-29-январь күндөрү дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Бишкек шаарындагы «Газпром-балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда болот.
Спортчулар төмөнкү салмак категориялары боюнча таймашка чыгат:
Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг;
Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг.
Программа:
Башталышы: 28-январь, саат 10:00;
Салтанаттуу ачылыш аземи: 28-январь, саат 15:00
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз