Site icon Reporter.kg

Дзюдо: Кубанычбек Айбек уулу коло байге үчүн күрөшөт

Дзюдо боюнча кыргызстандык балбан Кубанычбек Айбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатынын жарым финалында Тайпэйлик Янг Юнг Вейге жеңилди.

Эми ал коло байге үчүн болгон беттеште өзбек балбаны менен күрөшөт.

14 мүнөткө созулган кармаш 1:1 эсеби менен уланып, эки балбанда тең экиден эскертүү (шидо) бар эле, ал эми Элдос Сметов үчүнчү эскертүү алып, жыйынтыгында жарым финалга кыргызстандык дзюдочу чыкты.

Кубанычбек Айбек уулу буга чейин чейрек финалда казакстандык Элдос Сметовду жеңген.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 30 өлкөдөн келген 215 балбан 15 комплект медаль үчүн күрөшөт.

Exit mobile version