Дзюдо: Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтынды Владимир Золоев жеңди

Дзюдо: Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтынды Владимир Золоев жеңди

Дзюдо күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын өкүлү Владимир Золоев Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатында алтын байге жеңди.

81 килограммга чейинки салмактын финалыда Золоев кореялык Мун Жин Линип утту.

Ал эарым финалда монголиялык дзюдо боюнча дүйнө чемпиону Саид Моллаиди уткан. Ага чейин алгач Кувейттик балбанды, андан соң кореялык Ли Сонхону жеңген.

Белгилей кетсек, Владимир Золоев 2017-жылы өткөн Азия чемпиондугунда коло байгенин ээси. 2018-жылы Жакартада (Иордания) өткөн Азия Оюндарында коло медаль уткан. 2016-жылы Алматыда, 2018-жылы Ташкентте өткөн Гран-приде коло байгелерди жеңген. 2017-жылы Минскте өткөн Европанын ачык чемпиондугунда коло мөөрөй тагынган. 2017-жылы Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында коло медаль уткан.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>