Дзюдо: Владимир Золоев дүйнө чемпионун жеңүү менен финалга чыкты

Дзюдо: Владимир Золоев дүйнө чемпионун жеңүү менен финалга чыкты

Дзюдо күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын өкүлү Владимир Золоев Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатынын финалына чыкты.

81 килограммга чейинки салмактын жарым финалдык кармашында Золоев монголиялык дзюдо боюнча дүйнө чемпиону Саид Моллаиди утту.

Ал ага чейин алгач Кувейттик балбанды, андан соң кореялык Ли Сонхону уткан.

Эми ал финалда кореялык Ли Мун Жин менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, турнирдин алгачкы күнүндө балбан Кубанычбек Айбек уулу коло байге жеңген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>